• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас шаарында ундун баасы туруктуу – Антимонополия

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Кечээ, 25-сентябрда Талас шаарындагы борбордук базарларда жана соода түйүндөрүндөрдө социалдык маанидеги товарларга, анын ичинде унга жана нанга болгон бааларга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ыдайык, 14-сентябрдан тарта Талас облусунда Казакстандан алып келинүүчү ундун баасы жогорулагандыгы байкалган. Ушуга байланыштуу жергиликтүү айрым набайканаларда нандын баасы 2 сомго кымбаттаганы аныкталды.

Наабайчылардын айтымында, жергиликтүү ундун илешкек жөндөмү төмөн келип, тандырга колдонууга жараксыз болуп импорттук унду колдонууга туура келет.

Учурда Талас гаарында ундун запастарына таңкыстык жок. Ун сатылуучу чекене соода жайларында ун жетиштүү көлөмдө.

Белгилей кетсек, Талас облусунун калкынын көпчүлүк пайызы Казахстан уну менен камсыз болушат. Талас облусунда буудайды кайра иштеп чыгуучу тегирмендер жоктугуна байланыштуу, ун Бишкек жана Тараз шаарынан (Казахстан) ишкерлер тарабынан алып келинет.

Талас облустук бөлүм тарабынан ишкердик субъектилерине ундун жана нандын бааларын негизсиз көтөрбөө жана атаандаштык чөйрөсүндө тең салмактуулукту сактоо тууралуу алдын алуу иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий