• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта жарды үй-бүлөлөрдүн, майыптыгы барлардын акчасын кымыргандар жоопко тартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга багытталган акчаны кымырып алган кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Талас облустук прокуратурасы тарабынан жарды үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга багытталган өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттардын республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып кетүүсү боюнча кылмыш иштеринин тергөөсү аяктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын кызмат адамдары Н.Н.А., Ч.Л.К., Х.Л.Н., К.Т.С., С.Г.А. жана "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун Талас райондук филиалынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 346 (“Кызматтык жасалмачылык”), 379 (“Документтердин жасалмасын жасоо”) беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыптары угузулган.

Айыпталуучулар тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 7 млн 111 миң 586 сомдун орду толтурулуп, кылмыш иштери негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий