• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажикстан менен Өзбекстан талаштуу чек ара тилкелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Өзбекстан менен Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялары беш жыл мурда үзгүлтүккө учураган сүйлөшүү иштерин калыбына келтирет. Бул тууралуу news.tj агенттиги билдирди.

Тажик өкмөтүнүн жаңы токтомуна ылайык, Өзбекстан менен чек ара маселелерин чечүү боюнча 19 кишиден турган комиссиянын жаңы курамы бекитилип, аны премьер-министр Кохир Расулзода жетектейт.

Тажик-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялар 2000-жылы эле түзүлгөн. 2002-жылга чейин тараптар чек аранын 84% такташып, ошол жылы октябрда эки өлкө президенттери Өзбек-тажик мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимге кол коюшкан.

Келишимдин күчүнө кириши боюнча ратификацияланган грамоталарды алмашуу иш-чарасы 2009-жылы мартта Ташкентте болгон.

Чек аранын калган 16% боюнча талаштуу маселелерди 2012-жылы февралдагы сүйлөшүүлөрдө чечүү пландалган. Бирок анда тажик-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын үч күндүк жыйыны жыйынтыксыз аяктаган.

Эки өлкө чек арасындагы эң талаштуу тилкелердин бири — өткөн кылымдын 40-жылдарында курулган жана Тажикстандын аймагында жайгашкан Фархад плотинасы эсептелет.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий