• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Жабыркаган баткендиктердин 36,4 млн сом карызы жоюлду

Коом 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Улуттук банк Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу учурунда жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы карыз алуучуларга финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 30-апрелине карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары – ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган, 36,4 млн сом суммасында 378 кредит жоюлупган, 324,3 млн сом суммасында 230 насыя реструктуризацияланган.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Аскердик басып алуунун натыйжасында 63 адам, анын ичинде аскер кызматкерлери, жай тургундар жана балдар курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу турак-жайлар талкаланып, зыянга учураган.

Пикир

Оставить комментарий