• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Тилек Текебаев: Транспорт министрлиги коррупциядан арылууда

Коом 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. "Транспорт жана коммуникациялар министрлиги коррупциядан арылууда", - деди министр Тилек Текебаев "Кабар" агенттигине маек берип жатып.

Министр белгилегендей, өткөн жылы Транспорт министрлиги өзүнүн күчү менен 10 миң жол белгисин чыгарган. Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сапаттуу жол белгилерин даярдоону Транспорт министрлигине караштуу "Өндүрүш-инновация борбору" мамлекеттик мекемеси ишке ашырат.

Буга чейин жол белгисинин ар бири 5 миң сомдон сатылып алынчу, азыр өзүбүздүн өндүрүштө анын баасы 2900 сомдон айланууда. Учурда ата мекендик жол белгилерин чет өлкөлөргө чыгаруу маселеси каралууда.

Ошондой эле Текебаев жолдорду маркировкалоо үчүн кымбат баалуу термопластиканы Кыргызстанда өндүрүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий