• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Токмок шаарында милиция уурулукту алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Токмок шаардык милиция кызматкерлери уурулукту алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдын алуу иштери шаардын аймагында жана "Мүрөк", "Ак-Тилек", "Булак" базарларында жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери мал уурулуктун алдын алуу максатында жарандарга малдарды талаада кароосуз калтырбоо, мал сарайлардын уурулукка каршы сапатын жакшыртуу, видеобайкоо камераларын орнотууну эскертишти.

Ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча көчөлөрдө жана коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды болтурбоо, ата-энелер тарабынан жаш балдарды көзөмөлдөө боюнча эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий