• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмок шаарынын мэрин шайлоо 26-августта өтөт

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-августунда Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоону дайындады.

Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.

“Токмок аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону КР мыйзамдарына ылайык жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий