• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министрлиги: "Бишкек – Ташкент" автобус каттамы тоскоолдуксуз иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. "Бишкек-Ташкент" автобус каттамы Казакстан аркылуу жүрүп, тоскоолдуксуз иштөөдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа агенттигинин унаа ишмердигин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Талант Нанаев билдирди.

Ал белгилегендей, мындан мурда Казакстан тарап "Бишкек – Жибек-Жолу" жана "Бишкек – Ташкент" автобус каттамдарын бириктирүүнү ниеттенген.

"Бирок, Эл аралык келишимдер конвенциясына ылайык, мындай кадам келишимге каршы келет. Себеби, "Бишкек – Ташкент" каттамы эки тараптуу келишимге ылайык жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда үч автобус каттамы жүрсө, анын экөө Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий