• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тыныбекова дүйнөнүн күчтүү балбандарынын рейтингинде үчүнчү орунду сактап калды

Спорт 0

Бишкек, 13-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөнүн күчтүү балбандарынын рейтингинде үчүнчү орунду сактап калды.

Кечээ, 12-июлда, Перудагы Пан-Америкалык оюндардын, Литвадагы Түндүк Европа чемпионатынын жана Польшадагы эл аралык турнирдин жыйынтыгы боюнча жаңыланган рейтинг жарыяланган.

Айсулуунун Poland Open 2017 турниринде коло медаль алышы жогорудагы рейтингде 58 кг чейинки салмактагы аял спортчулар арасында 3-орунду сактап калуусун шарттады.

Биринчи орунда япон спортчусу Каори Ичо, экинчиде – Тунистик Марва Амри.

Пикир

Оставить комментарий