• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

КР УКМК Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте тергөөнүн жүрүшүндө, кылмыш ишинин материалдары боюнча ыкчам-тергөө иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыштын негизинде Чүй облусунын Токмок шаарынын аймагында интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2023-жылдын 26-декабрында Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын аймагындагы интимдик жайларды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам чаралар көрүлүп, анын жүрүшүндө телефон аркылуу сүйлөшүү жолу менен Токмок шаарында интимдик кызмат көрсөтүүчү адамдарды тейлөө интимдик (сауна) аныкталды.

КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана атайын тергөө аракеттери жүрүшүндө, фото жана видео жазуусу менен, Токмок ш., Верхне-Луговая көч. 251 үйүндө интимдик кызмат көрсөтүүчү жай аныкталган.

Иш-чаранын жыйынтыгында «Т.М.С.» аттуу интимдик сойкукананын ээси жана интимдик кызмат көрсөткөн «С.К.А.», «Ж.к.Б. »Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул багытта тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий