• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМК: “Ред Центрде” бомба коюлгандыгы тууралуу оор кылмыш үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адам билдирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. “Ред Центр” соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу оор кылмыш үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адам билдирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 31-январында Бишкек шаарындагы “Ред Центр” соода борборунун кызматкерлеринин биринин абоненттик номерине бомба коюлганы тууралуу атайылап жалган билдирүү келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында анонимдүү билдирүүнү жөнөткөн жаран мурда өзгөчө оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон, Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесинин биринде жазасын өтөп жаткан З.Д.К. аттуу КР жараны экендиги аныкталды.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) ылайык Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып тергөө иштери жүрүп жатат. Келитирилген материалдык зыяндар такталууда.

Азыркы учурда КР УКМК Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте тыюу салынган буюмдарды табуу боюнча түзөтүү мекемелеринде издөө иш-чаралары пландаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий