• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК “Таранчы” каймана аттуу УКТ мүчөсүн кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. 2024-жылдын 26-мартында Ош шаарынын аэропортунда маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Н.Н.К. кармалды. Ал “Таранчы” каймана аты менен белгилүү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына салык салуу аракетин көргөндүгү аныкталды.

Учурда Н.Н.К.га карата опузалоо фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК аталган Н.Н.К.нын кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды УКМК нөөмөт кызматына кайрылуусун өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий