• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгына жаңы имарат салынат

Аймак 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгына жаңы имарат салынат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн имараттын пайдубалына капсула салууга атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты.

Үч кабаттуу заманбап имаратта коопсуздук кызматкерлеринин иштөөсүнө бардык шарттар каралган. Курулуш иштерин 2021-жылдын декабрь айында бүткөрүү пландалган. Ага демөөрчүлөр тарабынан 100 миллион сомдон ашык каражат сарпталмакчы.

Мындан сырткары, жакынкы күндөрү УКМКнын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери үчүн 120 батирлүү турак үйдүн курулушу да башталат.

Пикир

Оставить комментарий