• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Улан Абилов президенттин аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, КР президентинин аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Анарбек Касымович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин башка Жарлыгы менен Абилов Улан Женишович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген, ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып бөлүм башчысынын орун басары кызматын ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий