Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде калтырды

Экономика 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР УБнын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтуусунда, өлкөдө инфляция бир калыпта төмөн динамикада сакталууда.

"Жылдык инфляция 2019-жылдын январь айындагы 0,4 пайыздан жогорулап, сентябрь айында (20-сентябрга карата) 2,2 пайызды түзгөн. Инфляциянын мындай түптөлүшү буга чейин мурда белгиленгендей эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баа конъюнктурасынын туруктуу болушу жана ички суроо-талаптын жогорулап кетпеген динамикасы менен шартталган", - дейт ал.

Абдыгулов кошумчалагандай, Улуттук банк ички жана тышкы таасирлер жок болгон шартта, төмөн инфляциялык динамика өтүп жаткан жылдын аягына чейин 4,0 пайыздан ашпаган көрсөткүчтө (2019-ж. дек./2018-ж.дек) сактала тургандыгын, ал эми анын жылдык орточо мааниси – 1,2 пайыз деңгээлинде болушун болжолдоодо.

Пикир

Оставить комментарий