• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Улуттук банк: Санариптик финансы технологиялары

Аналитика 0

Санариптик финансы технологиялары барган сайын кардардын муктаждыктарын көбүрөөк эске алуу менен кредиттөө, төлөм жана которуулар, каражат топтоо, инвестициялоо сыяктуу финансылык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн ажырагыс бир бөлүгүнө айланууда. Ар кандай финансы технологиялары боюнча чечимдер ири финансылык уюмдар, мисалы, банктар сыяктуу эле кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген чөйрөсүн сунуш кылган, бир багытта адистештирилген компаниялар тарабынан да ишке киргизилип жатат.

Финансы технологиялары индустриясы ири сандагы чечимдер жана сервистер, анын ичинде ири маалыматтартехнологиялары жана аларды талдоо, жасалма интеллект, аралыктан идентификациялоо, көмүскө сактоотехнологиялары, тез төлөм системалары, ачык интерфейстер, бөлүштүрүлгөн реестр технологиялары ж.б. менен сунушталат.

Финансы технологиялары Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө салыштырмалуу жаңы тармак. Азыркы учурда, ар кандай баа берүүлөр боюнча, дүйнөдө 10 миңден ашык финансы технологиялары боюнча стартаптар бар, алардын саны бүгүнкү күндө тынымсыз өсүүдө. Финансы технологиялары индустриясын өнүктүрүүдө инвестициялардын көпчүлүгү банктар менен атаандашуу деңгээли жогору болгон төлөм зонасында топтолгон.

Санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, санариптик төлөм технологиялары чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттардыаныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) ушул жылдын март айында Кыргыз Республикасында Санариптик төлөм технологияларын 2020-2022-жылдары өнүктүрүү концепциясын кабыл алган. Бул концепция Кыргызстанда 2020-2022-жылдарга карата санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана аларга төмөнкүлөр кирет:

1. Электрондук акча рыногун өнүктүрүү

Бүгүнкү күндө электрондук акча чыгарууга 9 коммерциялык банк лицензияга ээ жана 11 электрондук акча менен эсептешүү системасы иштеп жатат.

Колдонууга жөнөкөй жана ыңгайлуу болгондугуна байланыштуу өлкөдө электрондук акча көрсөткүчтөрүнүн өсүшү байкалууда. Алсак, 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын акырында электрондук капчыктардын саны 2,8 млн капчыкты түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге көбөйгөн.

Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартиби кабыл алынгандан кийин электрондук капчык ээлери, агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонуучулар, банктарга, төлөм уюмдарына жана алардын агенттерине жеке өзү келбестен, аралыктан идентификациялоо жол-жобосунан өтө алышат жана кеңири кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышат.

Электрондук акча рыногун өнүктүрүү жарандар үчүнкеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн, инвестиция тартуунун, улуттук деңгээлде экономиканын ар кайсы чөйрөлөрүндө атаандашуу артыкчылыктарын жакшыртуунун негизги факторлорунун бири болуп саналат. Кыргызстанда электрондук акча рыногун өнүктүрүү негизинен төмөнкүлөргө багытталат:

- электрондук капчык ээлерин идентификациялоо;

- ар кандай эсептешүү системаларынын электрондук акчалары менен операцияларды ишке ашыруу боюнча юридикалык жактардын жана жеке адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;

- электрондук капчыктарды колдонууда түпкүкеректөөчүлөрдүн кызыгуусун жогорулатуу;

- электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү үчүн ачык-айкын болгон түшүнүктүү шарттарды түзүү;

- электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын жогорулатуу.

2. Байланышсыз төлөм технологияларын өнүктүрүү

Бул технология кол коюп же PIN код терип отурбастан, банк картын же башка төлөм инструментин (мисалы, мобилдик телефон, чип орнотулган ачкыч чынжырларыжана билерик ж.б.) терминалдын окуй турган түзүлүшүнө бир эле тийгизүү менен заматта төлөө мүмкүнчүлүгүнберет, бул нак эмес эсептешүүлөрдү тездетет.

Мындан тышкары, дүйнөдө QR коддорун колдонуу менен төлөм жүргүзүү кеңири жайыла баштады. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында байланышсыз банктык карттар жана эки өлчөмдүү штрих-код – QR-код сунушталган, мында аларды пайдалануу бара-бара көбөйүп жаткандыгы байкалат. Кыргыз Республикасында байланышсыз төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылуу зарыл:

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын байланышсыз банктык карттарын чыгарууну көбөйтүү;

- электрондук капчыктарды, чип орнотулган ачкыч чынжырларын жана билериктерди ж.б. чыгарууну көбөйтүү;

- соода-тейлөө түйүндөрүндө байланышсыз төлөмдөрдү кабыл алуу функциясы каралган POS-терминалдардын санын көбөйтүү;

- мобилдик тиркемелерди, анын ичинде QR-коддорду пайдалануу менен төлөө операцияларын ишке ашырууну камсыз кылуучу сервистерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

Азыркы учурда коммерциялык банктар тарабынан ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын («Элкарт NFC» / «Элкарт Байланышсыз») карттарын байланышсыз төлөм технологиялары менен чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүпжатат, бул Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары «Мир» (Россия) төлөм системасы түйүндөрүндө жана «Мир» төлөм системасынын башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүнөн болгон төлөм системаларындаоперацияларды жүргүзүүдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Мындан тышкары, «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК тарабынын «Элкарт Мобайл» тиркемеси аркылуу
QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү долбоору ишке ашырылып жатат. Бул соода түйүндөрүнө мобилдиктелефон аркылуу нак эмес формада төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берет. Сервисти ийгиликтүү колдонуу үчүн кайсы болбосун банк тарабынан чыгарылган ЭЛКАРТ төлөм карты, ошондой эле камера орнотулган кайсы болбосун телефон жарайт. Кошумча жабдуу же программалык камсыздоо талап кылынбайт. Төлөмжүргүзүү үчүн QR-код гана керек, бул сатып алуучуларга сатуучулардын маалыматын терип отурбастан оңой төлөөгө мүмкүндүк берет. Же болбосо кайсы болбосун ыңгайлуу байланыш каналынан кардарга жөнөтүүгө мүмкүн болгон төлөм шилтемелерин колдонууга болот.

Бардык төлөмдөр онлайн режиминде жүргүзүлөт (24/7/365), мында кабыл алынган төлөмдөрдүн статусун көзөмөлдөп турса да болот.

Ошондой эле, сумманы көрсөтүү менен же көрсөтпөстөн, төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жеке багыттоомүмкүнчүлүгү берилет.

Республиканын алыскы аймактарында жана калктуу конуштарында QR-кодду колдонуу төлөм жабдууларын орнотууга жана аны тейлөөгө кеткен чыгымдарды кыскартуунун эсебинен калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн жеткиликтүү пайдалануусун кеңейтет жана жеңилдетет.

3. Тез төлөм системасын киргизүү

Биздин өлкөдө адамдар акчаны бир карттан экинчи картка, бир электрондук капчыктан экинчи электрондук капчыкка тез арада которуу, QR-коддун колдонуу менен төлөө кызматтарын улам көбүрөөк колдонуп жатышат. Бирок мындай опцияларды сунуштаган системалар жабык болуп саналат жана ал системалар аталган кызмат көрсөтүүлөрдү ошол системасынын ичинде гана ички катышуучулар үчүн көрсөтө алат. Ушуга байланыштуурынокто бар болгон өзүнчө катышуучуларды бирдиктүү төлөм мейкиндигине бириктирген интеграцияланган платформаны же «бирдиктүү интеграторду» түзүү зарылдыгы жаралат. Муну менен кадимки колдонуучулар үчүн төлөм инструменттерин тандоо жөнөкөйлөтүлөт, ага ылайык нак эмес төлөмдөрдү жана которуулардыжүргүзүүгө кызыгуу артат.

Бул сервис төлөө убактысына жана ишке ашырылган жерине, колдонулган төлөм инструменттерине карабастан тез төлөө, ошондой эле өз финансы каражаттарыңды кыйла ийкемдүү тескөө, жана башка төлөм системаларына салыштырмалуу транзакциялардын чыгымдарын азайтуу мүмкүнчүлүгүн берет.

4. Бөлүштүрүлгөн реестр технологияларын колдонууну изилдөө жана талдоо

Бөлүштүрүлгөн реестр технологиялары (Distributed Ledger Technology) (мындан ары – DLT) – бул, маалыматтар кандайдыр бир борбордук түйүндө эмес, байланыштын же эсептөөчү түзүлүштөрдүн көптөгөн түйүндөрү ортосунда бөлүштүрүлгөн түрдө маалыматтарды сактоо технологиясы.Мониторингдин мындай механизминен улам транзакцияларды санариптик жазуу системасы ортомчуларга муктаж эмес.

Финансы жана төлөм кызматтары чөйрөсүндө бөлүштүрүлгөн реестр технологияларын колдонуу өз ара эсептешүүлөргө кеткен убакытты кыскартуу, чыгымдарды азайтуу жана жумуш процесстерин оптималдаштыруу потенциалына ээ. Санариптик активдер жана бөлүштүрүлгөн реестрлер транзакцияларды жүргүзүүнүн жаңы ыкмасын билдирет, натыйжада блокчейн-системаларды курууда коопсуздукту жана коргоого алууну камсыз кылууга карата жаңы ыкманы иштеп чыгуу талап кылынат.

5. Санариптик (виртуалдык) активдердин (криптовалюта) жүгүртүлүшүнө байланыштуу иштерди жөнгө салуу

Криптовалюта рыногун жөнгө салуу практикасы ар башка өлкөдө бири-биринен айырмаланат. Мисалы, Беларусь Республикасында криптовалютага ээлик кылган юридикалык жактардын жана жеке адамдардын укуктары мыйзамдуу жөнгө салынып, бул чөйрөнү өнүктүрүү боюнча негизги институт – Жогорку технологиялар паркыаныкталган. Жогорку технологиялар паркы криптоэкономика субъектилерине карата жөнгө салуучу ченемдерди жана талаптарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу укугуна ээ.

Швейцарияда мыйзамдар негизинен технологиялыкбейтараптуулук принцибине негизделген. Криптовалюталар расмий укуктук статуска ээ эмес. Алар Швейцариянын Федералдык кеңешинин отчетуна ылайык, актив катары каралат жана бухгалтердик документтерде тиешелүү түрдө чагылдырылат.

Японияда өлкөнүн парламенти тарабынан буга чейин кабыл алынган валюталык жөнгө салуу мыйзамына ылайык, криптовалюта төлөм каражаты статусун алган. Ошол эле учурда, документтин өзүндө ал валютанын функциясын аткарат, ал эми расмий акча бирдиги болуп япон иени саналат деп жазылган.

Улуттук валютага криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу боюнча ишти мыйзамдуу жөнгө салуу үчүн Улуттук банк тарабынан криптовалюталарды жөнгө салуу маселеси боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун курамына компетенттүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү жана эксперттер кирген. Учурда криптовалюталардын жүгүртүлүшүн, атап айтканда, улуттук валютага сатып алууну жана сатууну (алмаштырууну) жөнгө салуу боюнча тиешелүү мыйзам долбоорун андан ары иштеп чыгуу үчүн жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүлүп жатат.

Бул долбоорду ишке ашыруу укуктук талаада криптовалюта рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жана ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткарууга багытталган.

6. Жасалма интеллект технологиясын жана көмүскө сактоо сервистерин колдонууну изилдөө жана талдоо

Жасалма интеллект базасындагы технологиялар, ошондой эле көмүскө сактоо сервистери финансы компанияларына мурункудан алда канча төмөн баадаалдыга чыгып жеке кызмат көрсөтүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн, эсептөө ресурстарынын жана интернет аркылуу тиркемелердин акыркы керектөөчүлөргөаралыктан динамикалуу жеткиликтүү болушун сунуштоо менен кардарлардын жана төлөм системасынын катышуучуларынын кызматкерлеринин ортосундагы маалыматтык өз ара иш алып барууну виртуалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Ушуга байланыштуу финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары да аталган тармакка көңүл буруп, жасалма интеллект базасындагы технологияларды жана көмүскө сактоо сервистерин өз ишинде андан ары колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Кыргызстандын Улуттук банкы

Пикир

Оставить комментарий