• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Утпай калдыңызбы, кам санабаңыз! Лотереяда утушка ээ болбогон билеттер кийинки этапка өтөт

Экономика 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Салык кызматынын 1-июлдагы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи турунда утушка ээ болбогон билеттер жарактуу бойдон болуп, кийинки турга өтөт.

Салык кызматынын маалыматы боюнча, эгерде бир билет байгелүү болгон болсо, анын ээси лотереянын кийинки этаптарына катышуу укугунан ажырайт. Башкача айтканда, лотереянын биринчи турунда утушка ээ болбогон катышуучулардын билеттери лотереянын кийинки этабына катышуу укугун сактап калат.

Салык кызматынын лотереясынын экинчи туру ушул жылдын 1-октябрында өтөт. Экинчи турга 2022-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин катталган кассалык чектер, ошондой эле биринчи турда ыйгарылып, утушка ээ болбой калган ID номерлер катышат.

Лотереяга катышуу үчүн “Салык чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, ККМдин кассалык чектерин сканерден өткөрүңүз.

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи туру 1-июлда өтүп, 52 байге ойнотулган.

Пикир

Оставить комментарий