• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Атада жол тандабас жардан кулап, 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Кечээ, 26-февралда саат 09:50лөр чамасында Бишкек – Кой-Таш – Ысык-Ата унаа жолунун 25-чакырымындагы Серпантин тилкесинде "Мицубиси-Паджеро" үлгүсүндөгү унаа жардан кулаган.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жардан түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын 4 жүргүнчүсү жабыркаган. Алар - 29 жаштагы Т.А.М., 23 жаштагы К.Э., 49 жаштагы К.А.В, 39 жаштагы Ч.Е.О. болгон. Жабыркагандар Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий