• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 19.06.20 /Кабар/. Бүгүн, 19-июнь күнү саат 09:49да Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 баллга чейин жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Ак-Терек жана Кичи-Жаргылчак айылдарынан 9 чакырым алыстыкта түндүк-батышта жана Кажы-Сай айылынан түндүк-чыгышта 39 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ак-Терек жана Кичи-Жаргылчак айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин болуп сезилген.

Пикир

Оставить комментарий