• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү 2 жылга соттолду

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү 2 жылга соттолду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы жана Түп районундагы "Хизбут-Тахрир" ДЭУнун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде сот тарабынан уруксат берилген тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүүнүн жыйынтыгында тыюу салынган адабияттар жана экстремисттик баракчалар табылган.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин жыйынтыгы менен "Хизбут-Тахрир" ДЭУнун мүчөсү КРнын Ж.Э.М. аттуу жараны Каракол шаардык соту тарабынан экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылды.

Пикир

Оставить комментарий