• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө унаа айдай качкан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө унааны айдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Балыкчы ШИИБне жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамдар түн ичинде, үйүнүн жанында турган «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз тарапка айдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада, жабырлануучуга 80 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт шаардык милициясынын КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 206 (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошол эле күнү, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында уурдалган автоунаа Тоң районунун Кара-Талаа айылынын жанынан табылып, ээсине кайтарылып берилген. Бирок, кылмышка шектүү адамдарды изин суутпай аныктоого мүмкүнчүлүк болгон жок.

Унааны айдай качкан шектүүлөрдү аныктоо жана аларды кармоо боюнча иликтөө иштери уланып жатты. Жакында, Ысык-Көл ОИИБдин жана Балыкчы ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан изин жазгырган шектүү жаран аныкталып, милицияга алып келинди. Ал, Кара-Талаа айылынын 36 жаштагы С.Р. аттуу тургуну болуп чыгып, шектүү алгачкы суракта өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий