• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө канал салуу учурунда бак-дарактар мыйзамсыз кыйылган

Аймак 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы канал салуу учурунда бак-дарактар мыйзамсыз кыйылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Канал Ак-Суу районундагы "Лесное" участкасына салынып, жеринде 18 даана терек жана 12 даана бөрү карагат кыйылган.

Аталган факт Ак-Суу РИИБне катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берилген. Келтирилген материалдык зыян 81 миң 235 сомду түздү.

Учурда "Лесное" участогунда жаӊы канал ким тарабынан салынгандыгы аныкталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий