• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 472 кишиге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 472 кишиге жеткенин өлкөнүн Саламатык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде илдетти жуктуруп алган 115 учур катталса, бүгүн дагы 15 жаңы учур катталган. Буга чейин саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов илдетке кабылган учурдун жогорулашы тестти жүргүзүүнүн ылдамдыгы менен түшүндүргөн.

Эскерте кетсек, COVID-19 вирусунан 30 адам айыгып, 2 адам каза болгон.

"Бүгүнкү күндө 151 миң 269 адам карантинге алынган. Обочолонуу режимине 62 миң 574 жаран киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

6-апрелден тарта Ташкент жана Нукус шаарларында милдеттүү түрдө обочолонуу режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий