• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстандын энергетика министри Алишер Султанов кызматтан кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Өзбекстандын энергетика министри Алишер Султанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Асадовдун билдиришинче, Султанов Мирзиёевдин жарлыгы менен “саламаттыгы боюнча башка кызматка өткөндүгүгө байланыштуу” кызматынан бошотулду.

55 жаштагы Алишер Султанов 2019-жылы февралда – министрлик жаңы түзүлгөндө анын башчылыгына дайындалган.

Ага чейин ал бир жарым жыл вице-премьер – геология, отун-энергетикалык, химиялык, нефтехимиялык жана металллургиялык өндүрүш башкармалыгынын башчысы болгон.

Энергетика министри болуп ким дайындалганы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Пикир

Оставить комментарий