• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Ата районунда бир тууган инисинин өлүмүнө шектелип агасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунда бир тууган инисинин өлүмүнө шектелип агасы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-апрелинде Ысык-Ата РИИБине телефон чалуу болуп, анда Төмөнкү-Серофимовка айылына жакын жайгашкан дачалардын биринде жаран бычак менен жаракат алгандыгы тууралуу кабарланган.

Алынган маалыматтын негизинде Ысык-Ата РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ал 1976-жылы туулган С.А. аттуу жаран экендиги такталган жана анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, маркумдун бир тууган агасы 1974-жылы туулган С.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий