• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстандын парламенти кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасы (парламенти) Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине өзбек парламентинин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам чыгаруу палатасынын кезексиз жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселеси боюнча келишими тууралуу кеңири маалымат берген.

Күн тартибиндеги маселелер талкууланган соң, депутаттар Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.

"Бул документтердин кабыл алынышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, өзбек-кыргыз мамлекеттик чек ара маселеси боюнча комплекстүү чечимдерди кабыл алууга кызмат кылат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аталган документтерге Бишкекте 3-ноябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргызстанга болгон визитинин алкагында кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий