• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндө мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Өзгөн районунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-август күнү милицияга Өзгөн районунун Көлдүк айылынын 57 жаштагы Ж.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал үйүнөн баасы 110 миң сомдук малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ аныкталган. Кылмыштуу топ төрт жарандан түзүлүп, анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Өзгөн районун 40 жаштагы тургуну А.Д., ошондой эле жергиликтүү тургундар 35 жаштагы Р.К., 36 жаштагы Ж.Э., 31 жаштагы Б.уулу Э. болгон.

Шектүүлөр Өзгөн РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмышка шектүүлөр мындан башка 7 уурулук фактысына тиешеси бардыгы такталды. Учурда мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий