• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Кечээ, 27-октябрда Жалал-Абад шаардык мэриясында 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйынга шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын түштүк аймагы боюнча өкүлү Алмагүл Телекманова, мэрдин орун басарлары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жалал-Абад шаарында 2022-жылдын 9 айында 113 ишкана ачылып, 330 жумуш орду түзүлдү. Бул жылы өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 32 ишкана көп ачылып, жумуш орду да 101ге көп түзүлгөн. Ал эми 2021-жылы жалпы 4 млрд 300 млн сом инвестиция тартылган болсо, 2022-жылдын 9 айында эле 5 млрд 861 млн сом инвестиция тартылды.

2022-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан 4 млрд 670,3 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 109,9 пайызды түздү. Ал эми өсүү темпи 124, 2 пайызга жеткирилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 910,2 млн сомдук продукция көп өндүрүлдү.

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 2022-жылдын 9 ай ичинде салык жана салык эмес төлөмдөр боюнча жеткирилген план-тапшырма 874 млн 834 миң сом болсо, аткарылышы 934 млн 891 миң сомду түздү.

Ошондой эле коллегия учурунда кышка карата даярдык маселеси көтөрүлүп, билим берүү жана медициналык мекемелерге, көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү боюнча тапшырма берилди.

Коллегия соңунда жумушундагы кемчиликтери, берилген тапшырмаларды өз учурунда аткарбагандыгы үчүн бир катар жетекчилерге сөгүш жана эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий