• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 14-декабрда Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки даярдалып жаткан башкы планы талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттардын жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда шаардын башкы планын даярдап жаткан адистер менен бир топ маселер талкууланып, шаарды кеңейтүүдө ар тараптуу экономикалык жана инфратүзүмдүк шарттар эске алынуусу зарыл экендиги белгиленди.

Белгилей кетсек, даярдалып жаткан башкы планга ылайык, Жалал-Абад шаарынын аянты жанаша жайгашкан айыл аймактардын (Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак, Ырыс) эсебинен 8 миң 728 гектардан 12 миң 879 гектарга чейин кеңейтилүүсү күтүлүүдө.

Ошондой эле шаарда бийик кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт шаар аймагына жакын жайгашкан райондордун бирине көчүрүлөт. Мындан сырткары, өндүрүштүк аймак, турак жай курууга багытталган аймактар такталып, социалдык-экономикалык өнүгүү программасы да толук камтылат.

Пикир

Оставить комментарий