• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүнө жаңы асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Манас көчөсүнүн 2 чакырым аралыгына жаңы асфальт төшөө үчүн даярдоо иши жүрүп жатат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, аталган көчөнүн асфальтын жаңылоо менен эки тарабына кеңдиги 2 метр болгон тротуар, темир-бетон арык куруу жана жарыктандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Манас көчөсүн реконструкциялоо Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, 2 млрд сомго шаарда жалпы 13 курулуш объект бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий