• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусу 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан турак үйдүн 1 бөлмөсү жана ичинде жайгашкан эмеректер толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылында жайгашкан кашарда бастырманын 150 чарчы метр аянты, 200 түк саман толугу менен күйгөн. Ошондой эле өрт жакын жайгашкан турак үйгө өтүп, чатырынын 40 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий