• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалпы 220 объект талкаланган. Баткенде жабыркаган 52 турак үйдүн орду тазаланды — ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 52 турак үйдүн орду тазаланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча 220 объект талкаланганды. Анын ичинен 136 турак үй, 84 объект жабыркаган.

“Лейлек районунда 41, Баткен районунда 11 турак үйдүн орду тазаланды. Курулуш жүргүзүү үчүн аянттар даярдалды. Жалпысынан Лейлекте 8 миң 56 куб метр, Баткенде 1 миң 761 куб метр курулуш таштандылары чыгарылды. Аларды ташуу үчүн 33 бирдик техника 735 рейс аткарды”, - дейт ал.

Шамырканов Лейлекке 25 чатыр, Баткен районуна 36 чатыр, 32 мобилдик турак үй курулганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 кыргызстандык жабыркап, алардын 36сы набыт болгон.

Пикир

Оставить комментарий