• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жээнбеков РФ президенти Путинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 06.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-мартта Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Сирияда Ан-26 учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Сирияда транспорттук Ан-26 учагынын кыйрашынан улам көптөгөн адамдардын курмандыктарына байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну Сизден өтүнөм. Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий