• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттыгына талапкер Гүлшат Тазабекова: Бишкек, мен сени менен. Баарын бирге чечебиз!

Шайлоо 2023 0

Тазабекова Гүлшат Алпамышовна №24
Туулган жылы, күнү: 1972-жылдын 28-марты
Туулган жери: Нарын облусу, Тянь-Шань району, Эмгекчил айылы

Иштеген жери: Ж.Баласагын атындагы КУУнун Менеджмент жана бизнес институту.
Ээлеген кызматы: Ага окутуучу.
Лозунг: «Бишкек, мен сени менен»

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкердин Ленин районунда өнүгүү программасы:

Балдарга - жеке бала бакчада тамак-ашка лицензия берүү, медициналык кызматкерлерди штаттык түрдө камсыздоо. Азыр убакта Бишкекте бала бакчалардын төлөмү 6 миң сомдон 20 миң сомго чейин түзөт. Калктын басымдуу бөлүгү мындай сумманы төлөгөнгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошол себептен 6 миң сомдон 12 миң сомго чейин каралса. Ошондой эле жумасына 2 жолу кыргыз эл жомоктору окулуп, берилип турса.

Жаштарга - өткөөл-курак 12-14 жаштагыларга сөзсүз түрдө мамлекеттик деңгээлде арак, чылым жан бүгүнкү учурдун көйгөйү болгон баңги заттардын терс таасири тууралуу маалыматтар берилип турса. Себеби, 1990-1995-жылдары Россияда орто мектептин 10-классын 3-4 гана окуучу аяктап калган. Көпчүлүк жаш курактагы мектеп окуучулары баңгизатына көзкарандылыктын себебинен каза болушкан. Ошол деңгээлге жеткизбөө үчүн алдын алышыбыз керек.10- класстарга мектеп окуучуларга “адамдын укугу коргоону” мектепке сунуштоо, себеби 1995-жылдан бери ЖОЖдо иштеп, өзүмдүн укугумду улуттук университетте коргой албай койдум. 2 жыл күндүзгү бөлүмдө окуган студент кыз бир күн 9 мугалимдин сабагына келбей, мени “сабакты билбейт” деп жазып окуу проректору, декан, кафедра башчысы, сабакка келбеген студентти колдоп, комиссияда жүргөм. Ошол себептен сөзсүз түрдө укук коргонуу мектептен баштаса. Азыр ар бир үй-бүлөдө бирден унаа бар. Ошол себептен машина айдоочулук күбөлүк алууну мектептен окутууну баштаса дагы да натыйжалуу болмок. Аны менен бирге жол эрежелерин толук кандуу окутуу жана мектепке финансылык жактан кошумча каражат колдоо көрсөтүлмөк. Мектептерде сабактан кийин окуучуларга спорттук секцияларды уюштуруу жана камсыздоо балдарды көчөдө бош жүрбөө, пайдасыз өнөкөттөн алыстатууга өбөлгө түзөт.

Студенттерге - татыктуу билим берүү. Борбор Азиядагы Америка университети англис тили, И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университети информатика адистиги, КЭУнун астындагы Токтоналиева атындыгы БФЭТи сыяктуу окуу жайлары мыкты адистерди даярдайт. Бул окуу жайларды аяктаган студенттер келечекте алдыңкы фирмаларга жумуштарга орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле Ж.Баласагындын КУУнун КАФ жана КЕФ институту англис француз, испан, немец тилдерин тереңден окутуу менен экономикалык багытта билимге ээ кылат. Бул окуу структуралардын багытын көздөп, ушундай мүмкүнчүлүктөгү бардык ЖОЖдордо студенттерге шарт түзүп берүү. ЖОЖдордун студенттерин транспорт жана жатакана менен камсыз кылуу. Шаардан 80-100 чакырым алыстыкта жашаган шаарга каттоочу студенттер үчүн рейстик транспорт менен камсыздоо.

ЖОЖдун - мугалимдерине, врачтарга эмгек маяналарын орто эсептен өйдө көтөрүү, себеби мугалимдер ан сезимди тарбиялайт, врачтар дене дарылайт.50 жылдык эмгек стажы менен иштеген ага окутуучу 1 ставка окуу жүгүн аткаруу менен 17000 сом эмгек маянасын алса,7 жыл медициналык академияда окуп, 23 жылдык стажы менен врачтар 16000 сом маяна алат. Ал эми салыштырмалуу чач тарачтар жасаган ишине айына 30000-40000 эмгек маянасын алышат. Өкүнүчтүүсү мугалим, врачтардын эмгеги бааланбай келет.

Аялдар жана балдар үй–бүлөлүк зомбулуктан коргоо, мамлекеттик деңгээлде көтөрүү .Аялдар үй-бүлөнүн куту балдарды төрөп, тарбиялап, эмгек салымын кошуп жатат.

Коопсуздук - шаардын тургундарын түрдүү ыңгайсыздыктардан сактоо, көп кабаттуу үйлөрдө кечкисин жаштар музыка коюп тынчсыздыкты жаратпоого шарт түзүү. Тамак-аштын коопсуздугун камсыздоо, антибиотиктен каза болуп жаткан адамдар боюнча Саламаттык сактоо министрлиги малдын этиндеги антибиотик себеп дейт, бул учурда күнөөнү ким моюнуна алат. Саламаттык сактоо министрлиги калктын саламаттыгы үчүн Айыл чарба министрлиги менен биргеликте мал этинин жана сүтү сыяктуу азыктарын көзөмөлдөө. Экологиялык жактан таза тамак-аш менен камсыздоо. Көп кабаттуу үйлөрдө эскилиги жеткен лифттерди лизингге берүү аркылуу жаңылоо, бир чети үйлөр лифттер менен камсыз болот, экинчи жагы ата-мекендик лифт өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштөрүн колдоо.

Социалдык коргоо - пенсионерлер ушул заманда жашап калганы үчүн күнөөлүү эмес, ошол себептен аларга жардам көрсөтүү. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга татыктуу жашоо, өнөкөт оорусу барларга рецепти караштыруу, рецепт квартал сайын бербей, ай сайын берүү. Көп балалуу үй–бүлөлөргө мектепке, бала- бакча орношууда, жеңилдиктерди сунуштоо. Россияда энелик төлөм (материнская плата) деп төлөнөт, себеби 1-класска мектеп окуучулар 2-3 гана орус улутундагы балдар калгандар мигранттын балдары. Ушундай деңгээлге жетпеш үчүн азыртан көп үй-бүлөлөргө жардам беришибиз керек. Келечекте 10 жылдан кийин мамлекет энелик төлөм (материнский плата) төлөөгө мажбур болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Ипотека - мамлекеттик деңгээлде эки суроону кароо, биринчиден жумушсуз калса эмне болот, экинчиден каза болуп калса кандай болот, туугандарына кандай өткөрүп берүү. Ипотека биринчи 10% төлөөдө профсоюздук жардам, иштеп жүргөндө 1% айлыктан кармалып, калган каражаттарды кайтарып берүү жана иштеген жерден атайын эсеп ачып, 3/1 бөлүгүн төлөп берүү жана иштеген жери акырындык менен кайтарып берүү.

Бей өкмөттүк эмес уюмдардан колдоо - себеби мамлекетке альтернатива болуп чечилбеген көмүскөдөгү суроолорду көтөрүп чыгышат.

Инфратүзүм - ооруканаларга аппараттарды лизинг түрүндө киргизүү, ФАПтарды куруу жана аппараттар менен камсыз кылуу. Шашылыш (экстренный) убакта жүрөк, астма кармаганда тез жардам машиналарга альтернатива мотоциклди жол тыгында турбоо үчүн медициналык тез жардамга колдонууга берүү. Жаңы конуштарда таза-суу, канализацияны курууга мамлекеттен акча бөлүүнү караштыруу. Күндүн нурунан энергия алган батареяларды насыяга берүү. Экологиялык жактан тазалыкты камсыздоо максатында газдарды киргизүүдө жеңилдиктерди киргизүү.

Шаар - жеке бала бакчада, мектептерге кабыл алуу үчүн шарт түзүү. Совет убагында көп кабаттуу үйлөрдү косметикалык ондоп–түзөө, чатырларды алмаштыруу. Жаңы курулган көп кабаттуу үйлөргө мыйзамдуу түрдө жашылдандырууну камсыздоо.

Калдыктарды кайра иштеп чыгуучу, кичине таштандыларды иштеп кайра иштетүүчү заводдорду курууну пландоо, заводдорду курууда Кыргызстандын каалаган атуулу жеке ишкерлер, муниципалдык, мамлекеттик катышуусуна жана салган каражатты мүмкүнчүлүк берүү.

Экономика - Кыргызстанда статистикалык көрсөтүү боюнча көмүскөдөгү экономика өндүрүш каражаты 27% экен. Эгерде КНСти азайтуу болсо көмүскөдөгү экономика ачыкка жана мамлекетке түшөт беле, себеби патент киргизип жатканда эч нерсе төлөнбөгөндөн көрө патент алуу сунушталган. Бул кадам да пайдалуулугун көрсөтүп, жыйынтык берип келет. Негизги мамлекетке салык төлөөчү майда жана орто бизнестер. Ошол бизнесмендерди мамлекеттик деңгээлде мыйзам аркылуу коргоо жана колдоо. Кыргызстандан чыгып жаткан өндүрүшкө окшош чет элдик импорт товарларга квота киргизүү.

Жашаган жери: Маймак көчөсү 21, т/м Ала-Тоо, Бишкек шаары
Байланыш маалыматтары: +996 705 700 280
Почта: gulshat28@mail.ru

Материал «КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий