• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-майда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Табигый математикалык багыттагы предметтерди окутууга компетенттүү мамиле” аталышында IV эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, илимий конференция Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына жана профессор Ракым Усубакуновдун жаркын элесине арналган.

Конференция окуу жайдын физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети тарабынан уюштурулду.

Конференцияны ректор Айгүл Абдраева сөз сүйлөп ачып берди. Андан соң, бир катар профессор, доценттер тарабынан "Дифференциалдык теңдемелер курсун окутуунун жаңы ыкмасы", "Кош дипломдук билим берүүдө салттык окутууну санарипке трансформациялоо платформасы", "Ракым Усубакуновдун окумуштуулук – окутуучулук ишмердүүлүгү жана мурасы", "Студенттердин көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн калыптандыруудагы санариптик технологиялык борборунун ролу" темаларында пленардык докладдар окулду.

Пикир

Оставить комментарий