• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКККББ кызматкерлери бир түн ичинде 21 мас айдоочуну кармады

Коом 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери бир түн ичинде 21 мас айдоочуну кармады.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы алдын алуу иш-чарасы Атайын адистештирилген ротасы тарабынан 20-январдан 21-январга караган түнү өткөргөн. Анын жүрүшүндө бир түн ичинде 24 одоно жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

Алардын ичинен:

- транспорт каражаттарын мас абалында башкарган 21 факты;

- тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкаруу 3 факты;

- Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 24 авто унаа айып короо жайына токтотулган.

Белгиленгендей, ЖКККББнын Атайын адистештирилген ротасы мындай алдын алуу багыттагы иш-чараларды мындан арыда дагы улантат.

Пикир

Оставить комментарий