• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖМК: АКШда 104 жаштагы эркек киши коронавирустан айыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Американын Орегон штатында эң улгайган бейтаптардын бири коронавирус илдетинен айыкты. Бул тууралуу жергиликтүү Oregonian порталы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери 104 жаштагы Уильям Лапсчис штаттын жашоочуларынын ичинен эң биринчилерден болуп коронавируска чалдыккан. Анын кызы басылмага билдиргендей, атасы оорудан толугу менен айыкты.

“Анын дени сак, ал абдан жандуу”,- деп келтирет басылма Лапсчистин кызынын сөздөрүн.

Азыркы убакта АКШда илдеттен каза болгондордун саны 5,1 миңден ашса, вирусту жуктургандардын саны 215 миң адамдан жогору.

Белгилей кетсек, 11-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылуусун пандемия деп жарыялаган. Уюмдун акыркы маалыматтарына таянсак, дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын саны 820 миңден ашса, илдеттен көз жумгандардын санын 40 миңден жогору.

Булак РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий