• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Билим берүү министрлигине 32,5 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-августуна карата республикалык бюджеттен Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине 32,5 млрд сом бөлүндү.

Ведомстводон билдиришкендей, бул такталган жылдык план 52 млрд сомдун 61,4%ына барабар.

Маалыматка ылайык, анын ичинен корголгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, тамак-аш, стипендия) боюнча аткарылышы 32 млрд сомду түздү.

Анын ичинде чыгашалардын корголгон беренелери боюнча, Билим берүү министрлигинин өтүнмөсүнө ылайык, төмөнкүлөр каржыланды:

- Эмгек акы жана Социалдык фондго чегерүү - 32 млн сом;
- Билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын, "Тамак-ашы" беренеси боюнча чыгашалар - 450,5 млн сом;
- Билим берүү уюмдарынын стипендиясына - 70 млн сом.

Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин каржыланган:

- КР жалпы билим берүүчү мектептери үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, анын ичинде Брайл окуу китептерин сатып алууга 152,0 млн сом суммасында каржыланды;
- мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына - 4 млн сом;
- мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын жана математика боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүүгө - 4,8 млн сом;
- "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөө үчүн - 1,8 млн сом;
- билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого - 112,4 млн сом;
- мектептерде интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө - 14 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий