• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

12-16-февралда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору Кыргызстанда 16-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 12-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

14-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда күндүз жана 15-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

16-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынынкөпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 16-феврлада күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми 17-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт. 18-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий