• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

15-19-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.11.19 . /Кабар/. 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

16-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

17-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий