• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

16-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.01.18. /Кабар/. Эртең, 16-январда кардын калың түшкөнүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

16-январда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6 градус,

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…2,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүзү -1…-6,

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Эртең Бишкек шаарында кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын түнкү температурасы -8…-10°, күндүз -3…-5° суук болот.

Пикир

Оставить комментарий