• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волкова, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, "Киркомстром" суу алгычындагы жана шаар түтүктөрдөгү оңдоо иштерине байланыштуу турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жай ишканаларында убактылуу болбойт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий