• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

18-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 14-18-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустары

14-15-апрелдерде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 16-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

14-15-апрелдерде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15 -апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

14-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-апрелде жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-апрелде кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз жана 17-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

14-15-апрелдерде жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз жана 17-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

14-15-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 16-18-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-апрелдерде 14 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий