• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2018-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 8,3 миң гектарга көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. 2018-жылы республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1214,9 миң гектарды түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 8,3 миң гектарга, же 0,7 %га көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мында буудайдын айдоо аянты 2017-жылга салыштырмалуу 3,9 миң гектарга, же 1,6 %га, арпаныкы – 0,4 миң гектарга, же 0,2 %га көбөйдү.

2019-жылдын 1-январына карата 1051 чарба субъекттери 2348,6 га аянтка тамчылатып сугаруу системасын орнотушту.

2019-жылдын 1-январына карата республика боюнча 2466 чарба субъекттери тарабынан түрдүү типтеги күнөсканалар курулуп, алар азыркы мезгилде ийгиликтүү иштеп жатышат. Күнөсканалардын аянты 2017-жылга салыштырмалуу 17,8 гектарга көбөйдү жана 173,7 га жетти.

2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында 66,5 миң гектар жаңы сугат жерлерин киргизүү үчүн 46 суу чарба объекттерин (долбоорлорун) куруу, жерди суу менен камсыздоону 51,08 миң гектарга жогорулатуу, 9,5 миң гектар жерди машина менен сугаруудан өзү агуучу сугатка которуу жана 50 миң гектар жердин мелиоративдик абалын жакшыртуу каралууда.

2018-жылы 12 объектте курулуш-монтаждоо иштери өткөрүлдү, алардын ичинен 4 объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, 634 гектар сугат жерлери өздөштүрүлдү, ошондой эле жерди суу менен камсыздоо 2018-жылы 1901 гектарга көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий