• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2019-жылы кен казуучу компаниялар мамлекетке дээрлик 13 млрд сом салык төлөгөн

Экономика 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. 2019-жылы кен казуучу компаниялар мамлекетке дээрлик 13 млрд сом салык төлөшкөн. Ал 2018-жылга салыштырмалуу 13 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети маалымдайт.

Маалыматка ылайык, тоо-кен казып алуучу тармагынан республикалык жана жергиликтүү бюджетке 12 миллиард сомдон ашык акча каражаты түшөт. Бул ички дүң өндүрүмдүн түзүмүндөгү киришенин 8% жана өнөр жайлык өндүрүмдүн 40%ын түзгөн булагы. Бул тармак жарандардын, өзгөчө ыраактагы райондордун элин жумуш орундары менен камсыздайт.

2018-2019-жылдарга карата өндүрүштүн өсүү темптери төмөнкүдөй:

Алтын 113%, көмүр 107%, мунай 113%, курулуш материалдары 160%ды түздү.

2018-жылга салыштырмалуу 2019-жылы алтындын мамлекеттик баланстагы запастары 2,4 эсеге өстү, күмүш - 88 эсеге өстү, көмүр - 41 эсеге өстү.

2019-жылы кен казуучу компаниялардан салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 12 млрд 999 млн сомду түздү. Ал 2018-жылга салыштырмалуу 13 пайызга көбөйдү. Бул өндүрүштүн өсүшүн тастыктайт.

2019-жылы бюджетти аткаруу 102,4%ды түздү.

Мындан ары тоо-кен тармагында иш алып баруучу приоритеттүү багыттары:

1. Инвестициялык климатты өркүндөтүү бул Бизнес-коомдун жана жергиликтүү калктын кызыкчылык балансынын негизинде теңдемделген салыктык шарттары түзүү;

2. Макулдашылган мамлекеттик саясатын жүргүзүү;

3. Региондорду туруктуу өнүктүрүү-жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жумуштуулукка басым кылуу.

4. Курчап турган чөйрөгө болгон терс таасирин алдын алуу жана төмөндөтүү;

5. Тоо-кен казып алуучу тармактын ачыктыгы. Коомчулук тарабынан үзгүлтүксүз көзөмөлдөө мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин жоопкердүү иш алып баруусуна түрткү берет;

6. Билим берүү. Тоо-кен өнөр жайы жаатындагы иштеген адистерди окутууга жана кесиптик багыттого окутуучу жайларды координациялоо ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана мекемелердин кадрдык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.

Пикир

Оставить комментарий