• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

2019-жылы Кыргызстанда 10 миңден ашык түгөй ажырашуу тууралуу арыз берген

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстанда 10 миңден ашык түгөй ажырашуу тууралуу арыз берген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

"Ажырашууну чечкендердин көбү Бишкек шаарында болгон – 2 миңден ашык арыз. Чүй облусунда 2 миңге жакын түгөй ажырашууга арыз берген. Ош жана Жалал-Абад облустарында ажырашууну каалагандардын саны 1,7 миңди түзгөн", - деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Ош шаарында, Нарын Талас облустарында ажырашууга арыз берген жуптардын саны 500дөн ашкан эмес. Ысык-Көл жана Баткен облусунда 900 жуп ажырашууну чечкен.

Пикир

Оставить комментарий