• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2019-жылы Өзбекстанга 20,7 млрд доллар инвестиция тартылган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. 2019-жылы Өзбекстанга 20,7 млрд доллар инвестиция тартылган. Бул тууралуу Өзбек телеграф агенттиги жазат.

Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министринин орун басары Бадриддин Абидов билдиргендей, ушул жылдын 9-декабрына карата Өзбекстандын аймагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго инвесторлор 20,7 млрд доллар инвестиция кылган.

"2018-жылы ал көрсөткүч 15 млрд доллар болгон", - дейт ал.

Анын айтымында, 2019-жылдын аягына чейин өлкөдө 22 миңге жакын жаңы иш оруну түзүлөт. Жыл башында 11 миң жумушчу орунун түзүү планы турган.

Пикир

Оставить комментарий