• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

2021-жылы Соцфонддун жалпы кирешеси 40 млрд 476,7 млн сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 30.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-августуна карата алдын ала маалыматтар боюнча, Соцфонддун жалпы кирешеси 40 млрд 476,7 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 24 млрд 753,1 млн сомду түзүп, бекитилген пландан 653,1 млн сомго көп түштү.

“Ал эми Соцфонддун чыгымдары ушул жылдын сегиз айында 39 млрд 661,1 млн сомду түзүп, өткөн жылга караганда 2 млрд 841,9 млн сомго көп. Аскер кызматкерлерине пенсиялык төлөмдөр, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча аккыларды төлөөгө, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнгөн каражаттар сегиз айда 15 млрд 501,1 млн сом суммасында түшкөн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий