• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2023-жылдын январында ИДПнын көлөмү 48 млрд сомду түздү – Статком

Экономика 0

Бишкек, 10.02.23 /Кабар/. Алдын ала баалоого караганда, 2023-жылдын январында ички дүң продукттун көлөмү (ИДП) 48 млрд сомдон ашыкты түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аталган көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48%га өскөн.

Шокенов билдиргендей, ИДПнын өсүшү өнөр жай көлөмүнүн (20%), кызмат көрсөтүүнүн (50%), айыл чарба продукциясынын (7%) жана курулуш тармагынын (2%) жогорулашы менен шартталган.

Пикир

Оставить комментарий