• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

22-июнь. Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 205 учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 205 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3356га жетти.

Бишкек шаарында 82 кишиден, Чүй облусунда − 33, Ош шаарында − 25, Ош облусунда − 20, Ысык-Көл олусунда – 10, Таласта – 6, Нарын облусунда - 19, Жалал-Абад облусунда 8 жана Баткен облусунда - 2 адамдан коронавирус табылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус жуктурган 205 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3356ны түзөт. Алардын ичинен 2021 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 40 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий